Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55

Кыргызстан менен Орусия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү макулдашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Орусияга бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдиргенин РИА Новости агенттиги жана кыргызстандык бир катар сайттар жазып чыгышты.

“Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Орусия президенти Валимир Путинге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен мамлекеттик жумуш тобун түзүүнү сунуштады. Урматтуу Владимир Владимирович биздин президентибиздин демилгесин колдоду. Мен билем, "Евразия" автономдуу бейөкмөт уюму бул маселе менен буга чейин эле алектенип келет. Келиңиздер, мындан аркы жалпы кадамдарыбызды бирге тактайлы”, - деди Амангелдиев.

“Евразиянын” өкүлдөрү бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча мамлекет аралык жумуш тобу түзүлө турганын билдиришти. Муну Мамлекеттик Думанын депутаты жана “Евразия” уюмунун төрайымы Алена Аршинова да ырастап, жумуш форум бүтөрү менен баштала турганын маалымдады.

Форумдун алкагындагы жолугушууда агартуу министри Догдургүл Кендирбаеванын сунушу менен Герцен атындагы орус мамлекеттик педагогикалык окуу жайы кыргызстандык студенттерге квота бөлүүгө макул болду. Мындан тышкары “Евразия” уюмунун каржылоосунда кыргызстандык 100 мугалимди бул окуу жайга тажрыйба алмашууга жөнөтүү макулдашылды.

Былтыр сентябрда Кыргызстанга Орусиядан 200 ыктыярчы мугалим келип, Бишкектеги мугалим жетишпеген мектептерде иштей турганы кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG