Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:52

Контракт менен окуган студенттерди да үч жылга чейин мамлекеттик ооруканаларда иштетүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев мамлекеттик медициналык окуу жайларды бүткөн бардык студенттерди мамлекеттик мекемелерде үч жыл иштөөгө милдеттендирүү керектигин билдирди.

Бул тууралуу 20-июнда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди. Учурда бюджеттик негизде акысыз окуган студенттер гана үч жыл мамлекеттик ооруканаларда иштеп бериши керек.

“Мамлекеттик медициналык окуу жайлардан жылына 2 миңге жакын студент бүтүрсө, анын 200дөйү гана мамлекеттик ооруканага ишке орношот. Калганы жеке менчик клиникаларга же чет өлкөдө жумушка кетет. Мамлекеттен бөлүнгөн бюджеттик орундар аз. Ошол 2 миң студенттен 10% гана бюджеттик орун берилген. Биз аларды окуусу бүткөндөн кийин эки-үч жыл муктаждык күч мекемеге жөнөтүп, иштете алабыз. Контракт төлөп окугандар окуусун бүтүп эле кетип калат”, - деди министр.

Ал бюджеттик орундарды көбөйтүп, контракт менен окуган студенттерди да мамлекеттик медициналык мекемелерде үч жыл иштеп берүүгө милдеттендирүү боюнча сунуш даярдалып жатканын кошумчалады.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда ооруканаларга бөлүнгөн дарыгерлердин 3686 штаттык орду бош турат. Жалпы 11 659 дарыгер үчүн штаттык бирдик болсо, учурда 7 970 киши иштеп жатат. Кадрдык жетишпестик үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда да бар экени айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG