Путин Орусиянын Сумыны басып алуу аракетин четке каккан жок

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын түндүгүндөгү Сумы шаарын басып алуу ыктымалдыгын четке каккан жок. “Биздин андай максатыбыз жок, бирок негизинен мен муну четке какпайм», - деди Путин жума күнү Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда.

Путиндин айтымында, Орусия Сумы облусунда чек арадан 12 чакырымга чейин “коопсуздук зонасын” түзүүгө аракет кылып жатат. “Алар (Украинанын Куралдуу күчтөрү) биздин Курск облусуна чейин кирип келип, кылмыштарды жасашты. Биз аларды кууп чыктык. Эми биз коопсуздук зонасын түзүүгө мажбур болуп жатабыз”, - деп айтканын “Настоящее время” каналы билдирди.

Сумы облусунун административдик борбору болгон бул шаарда согуш башталганга чейин 255 миңдей адам жашачу. Москва 2022-жылдан бери мындай ири шаарларды басып алган эмес. Толук масштабдагы баскынчы аракеттер башталгандан бери Орусияга Украинанын бир гана облустук борбору – Херсонду басып алуу мүмкүн болгон. Бирок кийинчерээк орус аскерлери ал жерден кайра артка чегинишкен.

Дагы караңыз

«Азаттык» радиосунун азери кызматынын журналисти Фарид Мехрализаде 9 жылга кесилдиИрандын тышкы иштер министри европалык башкы дипломаттар менен жолугушууда Путин жана Мирзиёев Орусияда иштөөнү каалаган мигранттарды биргелешип даярдоону макулдаштыМакрон: карапайым элге жана энергетика жайларына соккулар токтоого тийиш