Израилдин Иранга урган соккусунан дагы эки киши набыт болду

Кум шаарында көп кабаттуу үйгө сокку урулган.

Израилдин Ирандын Кум шаарына урган аба соккусунан эки киши каза болгонун израилдик Ynet порталы ирандык басылмага таянып жазды. Каза болгондордун бири Ирандын өзөктүк объектилеринде иштеген деген ыктымалды Jerusalem Post басылмасына таянып Би-Би-Си кабарлады.

Кум аймагында Ирандын бекем корголгон өзөктүк инфраструктурасы - Фордо жайгашкан.

Ошол эле маалда өзөктүк изилдөө комплекси жайгашкан Исфаханда да жарылуулардын добушу угулган.

21-июндун таңында Израилдин Коргоо министрлиги Ирандын түнү Израилдин борбордук аймактарын аткылоосуна жооп катары кезектеги абадан соккуларын уланта турганын билдирген. Ирандын ракеталарынын сыныктары Тель-Авивдеги имараттын чатырына түшүп, өрт тутанганын жергиликтүү тургундар айтып беришкен.

Эки өлкө тең акыркы күндөрдө бири-бирине сокку урганы карапайым кишилер арасында чоң жоготууларга алып келди. Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Хоссейн Керманпур дүйшөмбүдө билдиргендей, Израилдин чабуулу башталган 13-июндан бери кеминде 224 киши набыт болду, 1200дөн ашууну жараат алды, алардын 90% жайкын тургундар.

Шаршембиде Ирандын Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак 585 кишинин өмүрү кыйылганын, 1326 киши жараат алганын билдирген.

Ал эми Израилдин расмий өкүлдөрү Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан Тель-Авив, Хайфа жана башка шаарларда 26 киши каза тапканын билдиришкен.

Дагы караңыз

«Азаттык» радиосунун азери кызматынын журналисти Фарид Мехрализаде 9 жылга кесилдиИрандын тышкы иштер министри европалык башкы дипломаттар менен жолугушууда Путин жана Мирзиёев Орусияда иштөөнү каалаган мигранттарды биргелешип даярдоону макулдаштыМакрон: карапайым элге жана энергетика жайларына соккулар токтоого тийиш